142.79K
Category: lawlaw

Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жонундо” мыйзамы №239 20.07.2009-жылы кабыл алынган

1.

Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу
жонундо” мыйзамы №239 20.07.2009-жылы
кабыл алынган. Бул мыйзамда негизги
тушунукторго аныктама берилип, калкты
жаратылыш жана техногендик кырсыктардан
коргоонун нормалары, укуктары жана
милдеттери, Президент, Окмот, минстрликтер,
аткаруучу жана озун-озу башкаруу
бийликтеринин укук жана милдеттери,
жарандардын озгочо кырдаал учурунда укук
жана милдеттери ж.б. аныкталган.

2.

Кыргыз Республикасынын калкынын
Жарандык коргонуу жагындагы укуктары
Кыргыз Республикасынын калкы төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
• - өзгөчө кырдаал пайда болгон кезде өз өмүрүн, ден соолугун
жана жеке мүлкүн сактоого;
• - өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргөн учурда акысыз
медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;
• - жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык
коргонуунун иштерин аткаруу үчүн арналган башка мүлктөрүн
пайдаланууга;
• - ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу кошуундардын курамына
кирүүгө;
• - Кыргыз Республикасынын айрым бир аймактарында калк
чалдыгышы мүмкүн болгон опурталдар жана керектүү
коопсуздук чаралар жөнүндө маалымдалууга.

3.

Кыргыз Республикасынын калкы Жарандык
коргонуу жагында төмөндөгүлөргө
милдеттүү:
• - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу
жагындагы мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук
актыларын сактоого;
• - тиричиликте жана күндөлүк иште коопсуздуктун
чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын пайда болушуна
алып келе турган эрежелердин бузулушуна жол бербөөгө;
• - калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоонун
жолдорун, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн
ыкмаларын, коргонуунун жамааттык жана жеке
каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;
• - өзгөчө кырдаалдар коркунучу чыкканда жана ал пайда
болгондо өзүн алып жүрүүнүн белгиленген эрежелерин
аткарууга;
• - мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга өзгөчө
кырдаалдардын кесепеттерин жоюшуна көмөк көрсөтүүгө.

4.

Мектептерде жарандык коргонууну окутууда
талапка ылайык ыкмалар жана дидактикалык
принциптер колдонулушу керек.
Бул негизги принциптерге томонкулору атасак болот:
• окуучулардын активдуулугу жана сезимталдыгы;
• окуунун системалуу жана узгултуксуз откорулушу;
• теориялык билимдин практика менен тыгыз
айкалыштырылуусу;
• окутууда коргозио куралдардын кенири
колдонулуусу;
• окуучуга жекече мамиле жасоо;
• отулуучу материал жонокой жана жеткиликтуу
тилде тушундурулушу керек ж.б.
English     Русский Rules