55.09K
Category: lawlaw

Менин укугум жана милдеттерим

1.

МЕНИН УКУГУМ ЖАНА
МИЛДЕТТЕРИМ
Кожояр жалпы орто билим беруу мектеби

2.

Сабактын максаты
Окуучуларды адам укугунун негизги жоболору, балдардын укугу боюнча эл
аралык жана мамлекеттик документтер менен тааныштыруу;
Өзүңө жана башкаларга болгон урматтоого негизделген принциптер жана
өзүңдү- өзүң урматтоонун сырткы элементтери боюнча түшүнүк берүү;
Кандай гана адам болбосун ал өзүн-өзү урматтоого жана айланадагы
адамдардын урматтоосуна укугу бар экенин негиздөө.

3.

УКУК БОЮНЧА ДАТАЛУУ КҮНДӨРДҮН
КАЛЕНДАРЫ:
2001–2010-ж.ж. – Планетадагы балдардын кызыкчылыгы үчүн тынчтыктын
жана зомбулуксуздуктун эл аралык он жылдыгы.
1-июнь – Эл аралык балдардын укугун коргоо күнү.
4-июнь – Агрессиянын курмандыгы болгон балдардын эл аралык күнү . 20ноябрь – Дүйнөлүк балдар укугунун күнү.
10-декабрь – Адам укугу күнү.
5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү.

4.

Ар бир адам жарык дүйнөгө келгенден баштап ар түрдүү укуктарга ээ. Анын
бардыгы эл аралык коомчулук аркылуу кабыл алынган Адамдардын укуктары
декларациясында жазылган. Таң калычтуу, бирок адам затына өзүнүн укуктарын
түшүнүп жана аны бекитүү үчүн жүздөгөн жылдар талап кылынган. Бирок, ал
укуктар ушунчалык жөнөкөй жана ачык. Эгер дүйнөдөгү бардык адамдар өзүнүн
жана башка бирөөнүн укуктарын сыйласа жер шарында адилетсиздик, ар кандай
түшүнбөстүк бир кыйла азаят.

5.

Адамдын башкы жана биринчи укугу - бул жашоого болгон укугу. Бул укук
бардыгына бирдей жана ыйык. Ошондой эле ар бир адам өз жашоосун жөн эле
жашабастан, татыктуу жашаганга укуктуу. Башкача айтканда, бир адам экинчисин
моралдык да, физикалык да жактан кемсинтпөөсү керек. Эч ким эч кимди
урбашы, коркутпашы, кайсы бир нерсеге мажбурлабоосу керек. Анткени адам
жеке кадыр-баркка жана эркиндикке укуктуу. Ошондуктан адам эркин тандоого
дагы укуктуу, кайда барып окуйт, кайда иштейт, кимди сүйөт мунун баары
адамдын жеке укугу.

6.

Албетте, ар бир адам дагы бир укукка ээ бул - жеке мүлккө болгон укук. Адам
табияты ушундай экен, үй болобу, автомобиль болобу же каалаган башка нерсе
болобу эгер ал нерселер адамдын жеке мүлкү болсо, эч ким аны тартып алууга
укугу жок.
English     Русский Rules