67.87K
Category: lawlaw

Эл аралык жеке укукта зыян келтирүүдөн келип чыккан милдеттенмелер

1.

Эл аралык жеке укукта
зыян келтирүүдөн
келип чыккан
милдеттенмелер
Түзгөн:Набижанова Анара
Текшерген: Жумабай уулу Майрамбек

2.

Граждандык укуктардын жана милдеттердин келип чыгышы, граждандык
укуктарды жүзөгө ашыруу жана коргоо ЖК 7 ст
1. Граждандык укуктар жана милдеттер мыйзамдарда каралган
негиздерден, ошондой эле граждандардын жана юридикалык жактардын
алар үчүн каралбаган, бирок жалпы башталыштардан жана граждандык
мыйзамдардын маанисинен улам граждандык укуктарды жана
милдеттерди пайда кылган аракеттеринен келип чыгат.

3.

171-статья. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк юридикалык
жактардын, граждандардын жана мамлекеттердин катышуусу
менен болгон граждандык укук мамилелериндеги
жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк юридикалык
жактардын, граждандардын жана мамлекеттердин
катышуусу менен болгон граждандык укук
мамилелериндеги жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү
ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын башка
мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу
болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө
кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

4.

6-§. Келишимден тышкары милдеттенмелер
1203-статья. Келтирилген зыяндан улам келип чыккан
милдеттенмелер
1. Келтирилген зыяндардан улам келип чыккан
укуктар жана милдеттенмелер, зыяндын ордун
толтуруу жөнүндө талаптар үчүн негиз болгон
аракет же башка жагдай жасалган өлкөнүн укугу
боюнча аныкталат.

5.

6-§. Келишимден тышкары милдеттенмелер
1203-статья. Келтирилген зыяндан улам келип чыккан
милдеттенмелер
2. Эгерде тараптар бир эле мамлекеттин граждандары
же юридикалык жактары болушса, чет өлкөдө зыян
келтирүүдөн улам келип чыккан милдеттенмелер
боюнча укуктар жана милдеттер ошол мамлекеттин
укугу боюнча аныкталат.

6.

6-§. Келишимден тышкары милдеттенмелер
1203-статья. Келтирилген зыяндан улам келип чыккан
милдеттенмелер
3. Эгерде зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап үчүн
негиз болгон аракет же башка жагдай Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары боюнча укукка каршы
келбесе, чет өлкөлүк укук колдонулбайт.

7.

1204-статья. Керектөөчүгө келтирилген
залал үчүн жоопкерчилик
Товар сатып алууга, иш аткарууга же кызмат көрсөтүүгө байланыштуу
керектөөчүдө пайда болгон залалдын ордун толтуруу жөнүндөгү талапка
карата, керектөөчүнүн тандоосу боюнча:
1) керектөөчү жашаган жердеги өлкөнүн укугу;
2) өндүрүүчүнүн же иш аткарган, кызмат көрсөткөн адам жашаган же
турган жердеги өлкөнүн укугу;
3) керектөөчү товар сатып алган, иштин натыйжасын кабыл алган же ага
кызмат көрсөтүлгөн өлкөнүн укугу колдонулат.

8.

1205-статья. Негизсиз баюу
1. Негизсиз баюудан улам келип чыккан
милдеттенмелерге карата ал байыган жердеги өлкөнүн
укугу колдонулат.
2. Эгерде негизсиз баюу мүлк сатып алынган же
чогултулган негиздин жок болгондугунун натыйжасында
пайда болсо, колдонулган укук бул негиз тиешелүү
болгон мамлекеттин укугу боюнча аныкталат. Негизсиз
баюу түшүнүгү Кыргыз Республикасынын укугу боюнча
аныкталат.

9.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 4-августу № 189
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө
2-берене. Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары
1. Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана
башка ченемдик укуктук актылардан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык
келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башкага эрежелер белгиленсе,
анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

10.

7-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимин түзбөстөн
жүргүнчүлөрдү ташууга жол берилбестиги
1. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин
түзбөй туруп, ташуучунун жүргүнчүлөрдү ташуусуна жол берилбейт.
Жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензия, ташуучунун жүргүнчүлөрдүн
алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу
келишими болгондо берилет.
2. Эл аралык ташууну жүргүзгөн ташуучу Кыргыз Республикасы катышкан,
мыйзамда белгилеген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге
ылайык ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу келишимин түзүүгө
милдеттүү.

11.

10-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишиминин колдонулушу
5. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишиминин колдонулушу, эгерде
Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда
белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык
келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз
Республикасынын аймагы менен гана чектелет.
English     Русский Rules