§ 2. Түндүк Кыргызстандын Россияга каратылышы
Сабактын планы
Ормон хан (1791-1854)
ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛ Батыш Сибирь генерал-губернатору Дюгамендин вице-канцлерге жазган каты ( 1863-ж. 23-апрель):
Россияга Кыргызстандын кошулушунун этаптары:
Суроолор:
1.38M

Тема-2.-Түндүк-Кыргызстандын-Россияга-караталышы

1. § 2. Түндүк Кыргызстандын Россияга каратылышы

Кыргызстан
тарыхы
11-класс
kozubaeva.kg

2. Сабактын планы

• 1840-1850-жж. саясий кырдаал жана ыссыккөлдүк кыргыздардын Россиянын курамына
кириши;
• Чүйлүк жана таластык кыргыздардын
Россиянын бийлигин таанышы;
• Теңир-Тоолук кыргыздардын Россиянын
бийлигин кабыл алышы
• Түндүк Кыргызстандын Россияга
каратылышынын багыты жана натыйжасы.
kozubaeva.kg

3.

1840-1850-жж. саясий кырдаал жана ыссык-көлдүк
кыргыздардын Россиянын курамына кириши
• XIX к. 40-жж. Түндүк Кыргызстанда өз алдынча башкарууга
аракеттер болгон. 1842-ж. Ормон өзүн хан деп
Ормон хан
Сарыбагыш уруусу
жарыялаган, ага жооп кылып
Боромбайды бугу уруусу өз
башчылыгына
көтөрүшкөн.
1854-ж.
бугу-сарыбагыш
чатагында
Ормон
хан
өлтүрүлүп,
бугулар хандын
кунун кууган сарыбагыштардын
кол салууларынан кутулуунун
жолу - Россиянын букаралыгына
өтүү деп чечишкен.
1854-ж.
Боромбай
Бугу уруусу
kozubaeva.kg

4. Ормон хан (1791-1854)

kozubaeva.kg

5.

Ормон хан
Ормон Ниязбек уулу (1792-1854)- Кыргыз хандыгын
түзүүгө аракетттенген.
1842-ж. кыргыз урууларын
чогултуп хан көтөрүлгөн. 1845-ж. казактардын ханы
Кененсары Касымовдун чабуулун токтоткон.
kozubaeva.kg

6.

Ыссык-Көл кыргыздарынын
Россиянын карамагына өтүшү
1855-жылы 17-январь
Кычыбек
Шерали
баштаган
бугу
уруусунун элчилиги
1854-ж. 26-сентябрда
Батыш-Сибирь
генералгубернаторунун
борбору
Омскиге
келип, 1855-ж. 17январда Россиянын
карамагына
өткөндүгү жөнүндө
куран кармап ант
берген
Г. Х. Гасфорд
генерал-губернатор
kozubaeva.kg

7.

Чүйлүк жана таластык кыргыздардын
Россияга өтүшү
1860-ж. 23-августта Циммерман
баштаган
падыша
аскери
Верныйдан
чыгып,
26-28августта Токмок чебин алган. 31августта Бишкек чеби алынган.
1861-ж. 20-октябрда Узун-Агачта
орус аскерлери менен Кокон
кошуундары салгылашып, Кокон
аскерлери чегинген.
1862-ж. сарыбагыш уруусунан
Жантай Карабек уулу Верныйга
барып, Россиянын карамагына
өткөн.
Байтик баатыр
Шабдан баатыр
1864-1865-жж. Таластагы кыргыз
уруулары Россиянын курамына
өтүшкөн.
kozubaeva.kg

8.

Байтик баатыр
Байтик Канай уулу (1823-1887-жж.)
- солто уруусунун чон манабы.
1867-ж. солто, сарыыбагыш, саяк
ж. б. кыргыз урууларынын атынан
падыша Александр Iнин такка
отуруу аземине катышып, Анна
тасмасына тагылуучу чоң алтын
медаль, ыйык Станислав ордени
менен сыйланган.
kozubaeva.kg

9.

Шабдан баатыр
Шабдан Жантай уулу (1839-1912) - Чүй,
Кемин өрөөнүндөгү сарыбагыш уруусунан
чыккан манап, саясий, коомдук ишмер болгон.
1883-ж. падыша Александр III нүн тактыга
отуруу аземине катышып, аскер старшинасын
алган, кийин Төртүнчү даражадагы Георгий
жылдызы менен сыйланган.
kozubaeva.kg

10.

Теңир –Тоолук кыргыздардын Россиянын
бийлиги кабыл алышы
Кокон
хандыгы
Теңир-Тоолук
кыргыздар
Кашкардагы
цин-манжурлар
1863-ж. капитан
Проценконун Кашкар
отряды келген
Осмон Тайлак
уулунун
кошууну
1863
Г. Загряжскийдин орус
аскери
Үмөтаалы Ормон
уулунун кошууну
1863-ж.
19-июнь
Подпоручик
Зубаревдун аскери
kozubaeva.kg

11.

1863-ж. 13-октябрда 6 миң түтүн менен черик уруусунун чоң манапы
Турдумамбет Тоймат уулу Россиянын курамына кирген
1864-1865-жж Нарындын башын мекендеген бугу, тынымсейит уруусу,
Кочкор, Жумгал, Кетмен-Төбөнү жердеген саяктар Россиянын курамына
кирет
1867-ж. Үмөтаалы Ормон уулу да Россиянын курамына өткөн
1867-ж. 3 миң түтүнү менен Чыгыш Түркстандан кайтып келген Осмон
Тайлак уулу Россиянын курамына кирет
1868-ж. Нарын жана Каракол чептери курулат, натыйжада Россиянын
бийлиги Кыргызстандын түндүгүндө орнойт.
kozubaeva.kg

12. ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛ Батыш Сибирь генерал-губернатору Дюгамендин вице-канцлерге жазган каты ( 1863-ж. 23-апрель):

«Россия букаралыгына черик уруусуун кабыл алуу..., биз үчүн өтө
пайдалуу, анткени аларга биздин таасирибизди жайылтуу аркылуу
Россия бийлигиндеги кыргыз уруусу бугулардын бейкапар бейпилдиги
үчүн дагы, Кашкарга ошол кыргыздар (чериктер) мекендеген
аймактарды аралап өтүүчү соода жолдорун камсыз кылуу үчүн дагы эң
эле оңтойлуу натыйжаларды күтүүгө болот. Россия букаралыгына
чериктердин өтүшү бөлөк кыргыз уруулары дагы, айрыкча сары
багыштар, алардын жолун жолдошу үчүн дагы үлгү болушу мүмкүн,
арийне, анда Россиянын чечкиндүү таасири Кашкар чегине чейинки
урууларга биротоло таркалары анык. Эгерде чериктерди Россия
букаралыгына кабыл алуу жөнүндө маселе оң чечилсе, анда бугулар
менен черикктерди башкаруу үчүн келерки жылы Ыссык-Көлдө чеп
куруу керек».
kozubaeva.kg

13.

Түркстан областы
1865-жыл
Сыр-Дарыя
областы
Түркстан генералгубернаторлугу
1867-ж.
Самарканд
областы
Түркстан крайы
1886-ж.
Жети-Суу
областы
Фергана
областы
kozubaeva.kg

14. Россияга Кыргызстандын кошулушунун этаптары:

1
1853-1855-жж. мамилелер
соода жана оозеки түрдө болгон.
2
1855-1863-жж. ант берүү
документ аркылуу бекитилген.
3
1863-1868-жж. Чүй, Теңир-Тоо
чөлкөмдөрү согуштук-саясий ыкма
менен каратылган.
kozubaeva.kg

15.

Түндүк Кыргызстандын Россиянын
курамына кириши
• Сөз жүзүндө
орус
багытыын
кармаганы
менен
иш
жүзүндө
олку-солку
болгондор
В)
• Орус
бийлигине
жан
тарткандар
Б)
А)
Кыргыз манаптарынын Россияга карата
мамилесин үч түргө бөлөбүз:
2
1
3
• Иш жүзүндө
ачык
эле
каршы
чыккандар
kozubaeva.kg

16. Суроолор:

• Түндүк Кыргызстан Россияга кандай жолдор менен
бириккен?
• Уруу башчылары эмне үчүн бирде Кокон хандыгын,
бирде орус падышалыгын колдоп турган?
• Черик урууларынын Россияга өтүшүнө падыша
өкмөтү эмне үчүн өзгөчө баа берген?
• Айрым кыргыз урууларынын орус аскерлерине
каршы куралдуу кармаштарын кандай
баалайсыңар?
• Кыргыздын улуу башчылары-чоң манаптар элдин
мүдөөсүн көздөгөнбү? Өзүңдүн оюңдун айтып бер?
kozubaeva.kg
English     Русский Rules