Similar presentations:
Электр талаасындагы өткөргүчтөр жана диэлектриктер
1.
Физикафизика
2.
Электр талаасындагыөткөргүчтөр жана диэлектриктер.
3.
Заттар электр тогун өткөрүүсүнө жарашаөткөргүчтөр, өткөрбөгүчтөр (диэлектриктер) жана
жарым өткөргүчтөргө бөлүнөт. Электр талаасындагы
ар кандай заттарга электр талаасынын күчү таасир
этет. Сырткы электр талаасынын аракетинин
натыйжасында заряддардын
белгилүү
багытта
кыймылдашынан электр тогу пайда болгон заттар
өткөргүчтөр
деп
аталат.
Аларга
металлдар,
электролиттер жана плазма кирет.
4.
5.
6.
7.
Металл өткөргүчүнүн мисалында, өткөргүчтөрдү электр талаасына алып киргенучурда же өткөргүч турган жерде электр талаасын түзгөн учурда кандай
кубулуштардын орун аларын карайбыз. Ал үчүн төмөкүдөй ой жүзүндөгү
тажрыйбаны жүргүзөбүз. Мейли, бизге чыңалышы Е болгон бир тектүү электр
талаасы жана АВГД металл пластинкасы берилсин. Ушул пластинканы электр
талаасына алып кирели. Анда, дээрлик заматта эле талаа тарабынан аракет эткен
кулондук күчтүн таасири астында өткөргүчтөгү эркин электрондордун белгилүү
бир бөлүгү АД жагына топтолот. Натыйжада пластинканын ошол АД жагы терс, ал
эми анын ВГ жагы оң зарядга ээ болуп калышат. Ушунун натыйжасында
пластинканын ушул жактарынын ортосунда бир тектүү электр талаасы түзүлөт.
Анын чыңалышы, аны түзүп жаткан талаанын чыңалышынын багытына карамакаршы багытталат жана чоңдугу ага барабар болот. Натыйжада бул талаалар биринбири компенсациялашат жана өткөргүчтүн ичиндеги талаа заматта эле жоголот.
Пластинканын АД жагына электрондор ушундай абал түзүлгөнгө чейин агып, анан
токтойт
8.
9.
Демек, электр талаасындагы өткөргүчтүн ичинде электр талаасы болбойт. Булфакт бир эле металл пластинкасы үчүн эмес, ар кандай формадагы, ар түрдүү
өткөргүчтөргө да мүнөздүү болот. Ошондой эле, электр талаасы туташ
өткөргүчтөрдүн ичинде гана эмес, ичи көңдөй болгон өткөргүчтөрдүн ошол
көңдөй бөлүгүндө да болбойт. Мисалы заряддалган, ичи көңдөй болгон
болгон металл шарынын, цилиндринин, ящигинин ичинде электр талаасы
жашабайт. Эгерде ушул мейкиндикке заряддалган бөлүкчөнү жайгаштырса,
ага кулондук күч аракет этпейт, анын электр талаасы менен шартталган
потенциалдык энергиясы нөлгө барабар болот. Ушул себептерге байланыштуу
айрым сезгич приборлорду, же алардын кээ бир бөлүктөрүн сырткы электр
талаасынын таасиринен сактоо үчүн, аларды металл ящигинин же
корпусунун ичине жайгаштырышат. Мисалы, электрометрдин стержени жана
жебеси ушул себепке байланыштуу металл корпусунун ичинде
жайгаштырылган
10.
11.
12.
Жогорудагы айтылгандарды жыйынтыктап, төмөнкү эки фактыгаөзгөчө бөлүп көрсөтөбүз. Биринчи факт: өткөргүчтү
электростатикалык талаага алып кирсе дагы, же өткөргүч турган
мейкиндикте
электростатикалык
талааны
түзсө
дагы,
өткөргүчтүн ичинде электр талаасы түзүлбөйт. Бул факт өткөргүч
туташ болсо да, анын ичи көңдөй болсо да орун алат. Экинчи
факт: өткөргүчкө берилген заряддары, анын сырткы томпок
беттери боюнча гана бөлүнүшөт, анын ички, иймек беттеринде
заряддар токтобойт, болбойт. Өткөргүчтүн көбүрөөк ийилген
бөлүктөрүнүн сырткы бетинде же анын кырдуу, учтуу
жерлеринде заряддар көбүрөөк топтолушат. Ал эми тегиз, түз
пластинканын беттеринде заряддар тегиз, бирдей бөлүнүшөт.
13.
14.
Диэлектриктер - электр тогун начар өткөрүүчү заттар. Электртогун өткөрбөгөн заттарды аташ үчүн диэлектриктер терминин
илимге М. Фарадей киргизген (1839).
Диэлектриктер табиятта 3 агрегаттык абалда - катуу, суюк жана
газ түрүндө кезигет. Диэлектриктерге: эбонит, табигый кварц,
полиэтилен, слюда, электрофарфор, мрамор ж. б. кирет.
Диэлектриктерде заряддарды ташып жүрүүчү эркин заряддалган
бөлүкчөлөр болбойт. Алардын ар бир атомунун электрондору
жана ядросу салыштырмалуу бекемиреек байланышкандыктан,
электр талаасынын таасири астында которула алышпайт. Бирок,
бул электр талаасына алар өздөрүнүн таасирин көрсөтүшөт.