КӨҢҮЛ БУРГАНДАРЫҢЫЗДАР ҮЧҮН ЧОҢ РАХМАТ!
182.42K
Categories: mathematicsmathematics pedagogypedagogy

7-класстын алгебра сабагын дифференцирлеп окутуунун методикасы

1.

Бүтүрүү квалификациялык
иш
Тема: 7-класстын алгебра сабагын дифференцирлеп
окутуунун методикасы
Илимий жетекчиси: окутуучу
Дыйкамбаева В.У.___________
Аткарган: ФМО-М-12-16 тайпасынын
студенти Кылычбек кызы Элмира

2.

Мазмуну.
Киришүү………………………………………………………………...………3
1-ГЛАВА. ДИФФЕРЕНЦИРЛЕП ОКУТУУ……………………………...…..7
§1.1. Дифференцирлеп окутуунун негизги теориялык түшүнүктөрү………7
§1.2. Математика сабагында дифференцирлеп окутууну уюштуруу……12
2-ГЛАВА.
7-КЛАССТЫН
АЛГЕБРА
САБАГЫНДА
ДИФФЕРЕНЦИРЛЕП
ОКУТУУНУН
МЕТОДИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ……………………………16
§2.1. 7-класстын алгебра предмети боюнча окуу
программасынын
жана
окуу
китептеринин
анализи…………………………………………..……16
§2.2. Математиканы дифференцирлеп окутуудагы 7-класстын алгебра предмети боюнча даярдалган
материалдар
жана
жыйынтыгы………………………………….…………………………...……33
Корутунду……………………………………………………………………...63
Адабияттар………………………………………………………………….…66
эксперименттин

3.

Киришүү.
Изилдөөнүн актуалдуулугу. Азыркы учурдун талабы болуп мектептерде билим берүүнү жана тарбиялоону жогорулатуу,
билимдин негизги түшүнүктөрүнө ээ болуу жана ар бир предметти окутуунун жогорку илимий деңгээлин камсыздоо саналат.
Мектептерде ар бир окуучунун жеке мүмкүнчүлүгүн эске албаган традициялык окутуу формаларынан баш тартышууда.
Себеби, замандын өнүгүшүнө ылайык окутууну да уюштуруу зарыл. Билим берүүнү жаңылоо жаңы типтеги мектептердин
моделдерин иштеп чыгууну талап кылат жана бул мектептерде окуучуларга жеткиликтүү болгон мазмундуу уюштурулган
шарттар керек.
Окуучулардын жеке айырмачылыгынан келип чыккан маселелер жана аларды дифференцирлеп окутуу илгертен
мугалимдер менен окумуштууларды ойлондуруп келген. Бул багыттагы педагогдордун иштерин белгилеп кетүү зарыл:
Ю.К.Бабанский, А.А.Кирсанов, И.Я.Лернев, Е.С.Рабунский, Н.М.Скаткин, И.Э.Унт ж.б.
Азыркы учурда мектепти өнүктүрүүдөгү тенденциялардын бири болуп дифференцирлеп окутуу саналат. Заманбап
шарттарда ар бир окуучу окутуунун деңгээлин өзү тандап алган принципиалдуу педагогикалык түзүмдү кабыл алуу
керектелет. Окуучунун милдети болуп, деңгээлине жараша талаптарды аткаруу саналат. Мында окуучу жөндөмүнө жараша
баа алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошол эле убакта окуучу базалык деңгээлден жогоркуларына өтүү же өтпөштү өзү тандай
алат. Бул окуу процессин уюштуруунун традициялык багыттарын түп орду менен өзгөртөт: окуучунун жөндөмдүүлүгүнө
туура келген деңгээлди өзү тандайт, бирок окуучуларды кызыктыра турчу, билим деңгээлинен кийинкисине өтүүгө мүмкүн
болгон шарттарды түзүп берүү керек.

4.

Мектептин окуу процессине дифференцирлеп окутууну киргизүү бардык окуучуларды сөзсүз түрдө бирдей деңгээлде окутуу
проблемасын чечүү жана билим берүүдөгү гумандуу багытты күчөтүүгө жардам берет, балдардын өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн
жана кызыкчылыктарын эске алуунун көздөйт.
Дифференцирлөө деп, ар бир окуучуга жашоо шартынын өзгөрүүсүнө ылайык адаптация болуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жалпы
билим берүүнүн минималдуу даярдыгына ээ болуусун камсыз кылган окутуунун системасы саналат.
Жекечелүүлүктү билим берүүнүн мазмунунун, мектеп системасынын түзүлүшүнүн жана окуу процессинин көз карашы менен карасак
болот. Биринчисинде окутуунун формалары, методдору тандалат; экинчисинде окуу пландарын, окуу программаларын, окуу китептерин
жана тапшырмаларын түзүү каралат; үчүнчүсүндө ар кандай типтеги мектептерди жана класстарды түзүү керектелет [5].
Мындан тышкары, «дифференцирлөө» түшүнүгү кеңири мааниде да колдонулат: билим берүүнүн мазмунун түзүүдө жана окуу
иштерин уюштурууда жаш курагы, материалдык абалы, улуту ж.б. боюнча дифференцирлөөнү кезиктиребиз.
Социалдык көз караш менен дифференцирлөө чыгармачылыктуу, интеллектуалдуу жана кесипкөй коомду түзүүдө колдонулат. Мында
коомдук ар бир мүчөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн рационалдуу колдонуу кызыкчылыгы каралган. Дидактикалык көз карашта окуучуларды
дифференцирлеп окутуунун жаңы методикалык системасын түзүү менен мектептердин чечилбеген проблемаларын жок кылуу.
Акыркы жылдары бул проблемага И.Э.Унт, А.А.Кирсанов, Г.Ф.Суварова, С.Д.Шевченко ж.б. авторлордун педагогикалык иштери
арналган. Педагогдордун эмгектеринде берилген проблемалардын мазмуну менен түзүлүшү аныкталган жана аны чечүүнүн жолдору
менен каражаттары сунушталган. Бирок берилген макалалар жана колдонмолор окуучуларды окутуудагы дифференцирлөөнү уюштуруу
проблемаларын толук чече албайт [6].

5.

Изилдөөнүн обьектиси: 7-класста алгебра предметин окутуу процесси.
Изилдөө предмети: 7-класстын алгебра предметин дифференцирлеп окутуу процесси.
Изилдөөнүн проблемасы: окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн
дифференцирлеп окутууну уюштуруу зарылчылыгы.
Берилген проблеманы чечүү изилдөөнүн максатын аныктады: окуучулардын таанып билүү
активдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн дифференцирлеп окутуу зарыл экендигин аныктоо.
Изилдөөнүн гипотезасы: дифференцирлеп окутуунун жардамы менен окуучулардын
таанып билүү активдүүлүгүн өнүктүрүү мүмкүн, эгерде:
окутуу процессинде дифференцирлөөнү колдонуунун ролун жана ордун аныктоодо;
дифференцирленген тапшырмаларды колдонуу боюнча туура келген материалдарды тандап
алууда;
тандалып алынган материалдар окуу процессинде толугу менен колдонулса.

6.

Максатка жетүү жана гипотезаны текшерүү үчүн төмөнкүдөй изилдөөнүн милдеттери коюлду:
Орто мектепте дифференцирлеп окутуунун теориялык негиздери боюнча педагогикалык жана методикалык
адабияттарды талдоо.
7-класстын алгебра боюнча окуу
программасынын
жана
тематикалык-календардык
планынын, окуу
китептеринин анализи.
Дифференцирлеп окуутунун шарттарын иштеп чыгуу.
7-класстын алгебра предмети боюнча дифференцирленген көнүгүүлөрдү түзүү.
Окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн дифференцирлеп окутуунун методикасын иштеп чыгуу.
Изилдөөнүн этаптары. Изилдөө негизинен үч этаптан турат:
I. Проблемалык-изилдөөчүлүк. Мында изилдөөнүн жалпы абалы, деңгээли үйрөнүлүп, тема боюнча теориялык
материалдар топтолду жана 7-класстын алгебра китеби, ошондой эле кошумча адабияттар анализденди.
II. Теориялык-практикалык. Бул этапта дифференцирленген тапшырмалар түзүлүп, апробацияга даярдалды.
III. Апробациялоо. Апробация Бишкек шаарына караштуу профессор А.Молдокулов атындагы улуттук
иновациялык технологиялар мектеп лицейинин 7А-классына сентябрь айынан май айына чейин жүргүзүлдү.
Апробациялоого жалпы 10 тапшырма даярдалды: алгебра боюнча 3 текшерүү иш, 2 өз алдынча иш жана 5 тест.
IV. Бүтүрүү квалификациялык иштин көлөмү жана түзүлүшү. Бүтүрүү квалификациялык иш киришүүдөн, эки
главадан, жалпы корутундудан, пайдаланган адабияттардын тизмесинен турат.

7.

Киришүүдө теманын актуалдуулугу изилденди, изилдөөнүн объекти, предмети,
гипотезасы аныкталды жана изилдөөнүн максаты менен милдеттери белгиленди.
Биринчи глава «Дифференцирлеп окутуу» деп аталып, бул методдун өзгөчөлүктөрү
жана аны уюштуруунун шарттары көрсөтүлдү.
Экинчи главанын темасы «7-класстын алгебра сабагында дифференцирлеп окутуунун
методикалык негиздери». Мында 7-класстын алгебра сабагы боюнча окуу программасы,
тематикалык-календардык планы жана алгебра китеби анализденди, 7-класстын алгебра
предмети
боюнча
дифференцирленген
материалдар
даярдалды
жана
даярдалган
материалдар апробацияланып, жыйынтыкталды.
Корутундуда эксперименттин негизги натыйжалары жана өзгөчөлүктөрү орун алды.

8.

1-ГЛАВА. ДИФФЕРЕНЦИРЛЕП ОКУТУУ.
Дифференцирлеп окутуу деп, окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө карата жана алардын ар биринин
жекече кызыкчылыктарын, керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган окутуунун системасы
аталат. Математиканы окутууда дифференцирлөө өзгөчө мааниси бар, себеби математика мектептеги
эң татаал предметтерден болуу менен көптөгөн окуучулар үчүн аны өздөштүрүү бир топ
кыйынчылыктарга алып келет. Ошол эле убакта окуучулардын көпчүлүгүнүн бул предметке карата
жөндөмдүүлүгү бар экендиги байкалат.
Дифференцирлеп окутуу мектептеги методикалык системанын бардык компоненттерин камтыйт
жана эки негизги түргө бөлүнөт.
1) Деңгээлдеп дифференцирлөө. Бул бир эле класста, бирдей программа менен
окуган окуучулар
математика боюнча материалдарды ар кандай деңгээлде өздөштүргөндүгүнө байланыштуу аларга
деңгээлдеп мамиле жасоо.
2) Мазмуну боюнча дифференцирлөө.
Мында, бул окуучуларды жөндөмдүүлүгүнө жана алардык
кызыкчылыгына карата ар кандай топторго бөлүп, математикалык материалдарды берүүнүн

9.

Математиканы дифференцирлеп окутууда эки негизги талап коюлган:
Окуучулардын мектепти бүткөндөн кийин ар кандай кесип боюнча ЖОЖдо билимин уланта ала тургандай
билимге ээ болушу;
Мугалимдер тарабынан окуучулардын матемтикалык жөндөмдүүлүктөрүн тереңдетүү жана өркүндөтүү.
С.В.Алексеев өзүнүн ишинде окутуудагы дифференцирлеп мамиле жасоону ишке ашыруудагы мугалимдин
ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктаган:
билим деңгээлине жараша класстагы окуучуларды топторго бөлүү;
берилген тапшырманын татаалдыгын аныктоо [2].
Дифференцирлеп окутууда төмөнкүдөй 3 деңгээлге бөлүп көрсөтүү максаттуу:
I. Биринчи деңгээл - окуучунун жаңы теманы китепте кандай берилсе же мугалим кандай түшүндүрсө, ошондой кабыл
алуусун жана колдоно билүүсүн ишке ашырат;
II. Экинчи деңгээл - окуучунун билим билгичтиктерин кайталанма шарттарда колдоно билүүсүн мүнөздөйт;
III. Үчүнчү деңгээл үчүн - окуучунун билим билгичтиктерин жаңы жагдайларда чыгармачылыгын колдоно билүүсү
мүнөздүү (3-таблица).

10.

1-таблица. Математикада колдонулуучу окутуунун мазмунун дифференцирлөө.
Окутуунун түрлөрү
Жаңы окуу материалынын берилиши
Дифференцирленген тапшырмалар
Дифференцирлөөнүн деңгээли
Билим
деңгээли
төмөн Билим деңгээли орто болгон Билим
деңгээли
жогору
болгон окуучу
окуучу
болгон окуучу
Базалык деңгээл
Программанын көлөмү
Татаал-программалуу
материал
Класстык жана үй тапшырмалар мазмуну Аткаруучулук
Изденүүчүлүк
Изилдөөчүлүк
боюнча түрдүү татаалдыкта берилет
a) Теориялык
b) Практикалык
c) Эксперименталдык
Класстык жана үй тапшырмалар түрдүү Базалык
көлөмдө берилет
a) Теориялык
b) Практикалык
c) Эксперименталдык
көлөмү
деңгээлдин Программанын көлөмү
Татаал
көлөмү
программанын

11.

Математиканы окутууда колдонулуучу дифференцирлөөнүн деңгээлине туура келген төмөнкүдөй методдорду жана формаларды
белгилеп көрсөтсө болот:
2-таблица. Математиканы окутууда колдонулуучу методдор жана формалар.

Окутуунун методдору жана формалары
Дифференцирлөөнүн деңгээли
Билим
деңгээли
болгон окуучу
төмөн Билим
деңгээли
болгон окуучу
орто Билим деңгээли
болгон окуучу
1.
Программадан тышкары түзүлгөн өз алдынча Маалымат
иштер
Реферат
Доклад
1.
Китептен түзүлгөн өз алдынча иштер
Аткаруучулук
Таанып билүүчүлүк
Чыгармачылык
1.
Топтук иш
Топтун мүчөлөрү
Топтун мүчөлөрү
Топтун жетекчиси
1.
Ишкер оюндар
Оюндун мүчөсү
Кырдаалга жараша
аткаруучусу
1.
Класстан тышкаркы окуу иштери
Кошумча
консультациялар
1.
Сабактан тышкаркы убакта топтордо иштөө
Жетишпеген
менен иштөө
1.
Программалык көзөмөл
«Туура» - «туура
сыяктуу жооптор
1.
Жуп – жуп болуп иштөө (консультация)
Консультация алуучу
сабактар, Кружоктор
окуучулар
эмес» 5 жооптун бирөө туура
жогору
роль Оюндун алып баруучусу
Факультатив
Олимпиадага даярдоо
10 жооптун ичинен бир
нечеси туура
Консультант

12.

2-ГЛАВА. 7-КЛАССТЫН АЛГЕБРА САБАГЫНДА ДИФФЕРЕНЦИРЛЕП ОКУТУУНУН
МЕТОДИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Математиканы дифференцирлеп окутуудагы 7-класстын алгебра предмети боюнча жүргүзүлгөн
эксперимент Бишкек шаарына караштуу профессор А.Молдокулов атындагы улуттук иновациялык
технологиялар мектеп лицейинин 7А-классына сентябрь айынан май айына чейин предметник мугалим
Чатакова Майрам эже менен чогу жүргүзүлдү. Март айынан тартып карантин болгондугуна байланыштуу
предметник мугалим менен онлайн иштештик. 7-класста жалпы 29 окуучу. Класстагы окуучулар билим
деңгээлине жараша 3 топко бөлүштүрүлдү жана алардын деңгээлине жараша түзүлгөн өз алдынча иштер
берилип жатты.
Өз алдынча иштердин темалары предметник мугалимдин жардамы менен тандалып алынды жана
берилүү көлөмү каралды. Ар бир өз алдынча иш карточка түрүндө жасалып, окуучуларга таратылып турду.
Жалпы 10 өз алдынча иш даярдалды: тест-5, текшерүү иш-3, өз алдынча иш-2.
Баалоо баллдык системада жүргүзүлдү. Ар бир тапшырмага татаалдыгына жараша балл коюлду жана
окуучулардын ар бир өз алдынча иште алган бааларынын жыйынтыктары чыгарылды.

13.

Текшерүү иш (25.12.2019)
Бир мүчөнү көп мүчөгө көбөйтүү
Базалык деңгээл:
1. Туюнтманы көп мүчө түрүндө көрсөткүлө:
3
English     Русский Rules