Similar presentations:
3. 8 Мансапкор күчүк
1. Тема:
Мансапкор күчүк2.
МАНСАПКОР КҮЧҮК
Короочу деген бир күчүк атак-даңк жөнүндө көп
ойлончу болду. Өзү аябагандай уйкучу. Керээли-кечке
уктайт. Анан ойгонсо эле атак жөнүндө ойлоно кетет. Бир
күнү ал атасына келип «музыкант болом» деген тилегин
айтты. Атасы менен энеси ошого аябай сүйүнүшүп,
Короочуну дароо эле музыкалык мектепке жетелеп
барышты. Ал жерде келгендердин жөндөмүн текшерүүчү
мугалим болот экен.
‒ Кана, күчүгүм, роялдын баскычтарын мен
баскандай басып, до-ре-ми-фа-соль-ля-си деген үндү
чыгарчы, ‒ деди мугалим.
Күчүк дароо макул болуп роялдын баскычтарын
басса эле «ав-ав, ав-ав» деген добуш чыгат. Эки-үч саатча
убара болду мугалим. Бирок күчүктөн «ав-авдан» башка
эч нерсе чыкпай койду.
3.
• ‒ Кечирип коюңуздар, музыкага шыгы жоктурбайбы балаңардын, ‒ деди мугалим атаэнесине. Ошентип, Короочу музыкалык
мектепке өтпөй калды да, бир топ күндөн
кийин ата-энесине «сүрөтчү» болом деп
ыйлап кирди.
Ата-энеси ага да сүйүндү. Себеби: «Уулубуз
эптеп эле бир нерсеге жараса экен» ‒ деп
тилек кылышчу.
4.
5.
6.
7.
8.
Көркөм-сүрөт окуу жайга жетелепжөнөштү күчүктү. Ал жерде да
келгендердин шыгын текшерип
көрөт экен. Короочу мында да
өтпөй калса болобу. Себеби колуна
карандаш берип, ар нерсенин
сүрөтүн тарт десе, күчүк
таптакыр тарта албай койду.
9.
10. Бул күчүк музыкалык тапшырманы аткара алдыбы?
11.
12.
13.
14.
Шыгы жок экен балаңардын, ‒ деди мындада мугалим. Ошону менен үчөө ээрчишип,
үйлөрүнө маанайлары пас кайтышты.
Жолдо келе жатып күчүк ыйлайт. «Шыкталант сатып бергиле мага», ‒ дейт атаэнесине.
‒ Шык-талант деген сатылбайт, балам. Аны
деген Кудай берет.
‒ Анда Кудайдан мага сурап бергиле, ‒ дейт
күчүк өжөрлөнүп. Ошондо Дөбөт жини келип
кетип, баласын бир тиштеди:
‒
15. Музыка мектебине өтпөй калган күчүк ким болгусу келди?
16.
Бас жаагыңды! Кудайдан сурап албайтшыкты. Аны Алла Таала өзү берет ар
кимге! Короо кайтаргын!
Ошентип, мансапкор күчүк таяк жеди.
Бирок мансапты унута албай жүрүп, бир
күнү телевизордон баатырлар жөнүндө
көрсөтүүнү көрдү да, ата-энесине кайра
чуркап барды.
‒ Анда эмесе, мен баатыр болом!
Баатырларды окутуучу мектепке
алпаргыла, ‒ деди ал.
17.
Ата-энеси күчүктү таңданып карап калышты. Атасы көпишене бербеди баласына. к апасы чырылдады:
‒ А балким, болсо болор. «Бешиктеги баланын бек
болорун ким билет?»
Апасы ошенткенде Дөбөт ойлонуп турду да, мындай деди:
‒ Болуптур, бирок менин билишимче Кыргызстанда
баатырларды окутуучу мектеп болбосо керек эле. Ошон
үчүн мен сени өзүм эле сынап көрөйүн. Ошентти да,
Дөбөт баласын жетелеп барып, тоокканага киргизип
жиберди. Бир маалда кызыкты көрүп алгыла: тооктордун
жол башчысы Кызыл короз деген неме ачуусуна чыдабай
кыйкырып өкүрүп кууп алыптыр. Күчүк коркконунан тоок
уядан качып чыгып, көрүнгөн бурчка жан соогалап
жашынат. Каңшылаганын уксаңар кулак тунат.
‒ Көрдүңбү, балам, ‒ деди Дөбөт күчүгүн эптеп Короздон
куткарып алган соң апаптап жатып: «Баатыр болуш үчүн
жүрөк керек...»
18. Экинчи жолу да окууга өтпөй калган күчүк ата-энесине шык талант сатып бергиле деди. Балдар силер кандай ойлойсуңар шык талантты
сатып алса болотбеле?
19. Акырында ал баатыр болууну каалады. Анын бул каалоосу ишке аштыбы? Бул жолкусунда күчүк кимден ыза жеди?
20. Балдар силер чоңойгондо ким болууну каалайт элеңер? Силер койгон максатыңар үчүн эмне кылуу керек экенин билесиңерби? Кандайдыр
бир өнөрдү аркалаш үчүнэмне керек экен?