471.12K
Categories: biographybiography literatureliterature

Сыдык Карачев (1900-1937)

1.

Сыдык Карачев
1900-1937
Кыргызстандагы 1918-37-жылдардагы
чыгаан айдыңдардын бири, журналист,
жазуучу, адабиятчы , драматург, басма
ишине редактор катары кызмат өтөгөн
адис.

2.

Жашоосу
Сыдык Карачев Кыргызстандын азыркы ЫсыкКөл облусуна караштуу Түп районундагы
Жылуу-Булак айылында 1900-жылы бай үйбүлөдө дүйнөгө келген. Жаштайынан атаэнесинен жетим калган.Сыдык жаш чагында
Каракол шаарына келип, Салих аттуу татар
мугалимдикине үй кызматкери болуп орношот.
(Тарыхчы Аида Кубатованын тактоосуна
караганда, анын тегаты - Надыршин болгон).
Ошол жадидчи, реформатор агартуучу
С.Надыршиндин жардамы менен Сыдык
шаардагы татарча жаңы усул (усул-и жадид)
мектебинен окуйт.
2

3.

Жашоосундагы
окуялар
19211923
1923
1924
Ташкент шаарындагы
В.И.Ленин атындагы
аскер окуу жайында
окуган.
«Кошчу» кыргыз
кедей жана
дыйкандар союзунда
иштеген.
«Эркин-Тоо»
гезитине биринчи
жооптуу катчы, кийин
редактор болуп
иштеген.
1928
1930
1937
Бишкекте ара-чолодо
"Кызыл учкун"
адабий ийримин
жетектөөгө
катышкан.
Оштогу "Кызыл
пахтачы" газетасына
жооптуу катчы болуп
которулду.
Негизсиз
репрессияланган
жана өлгөндөн кийин
акталган.
3

4.

С.Карачев
жөнүндө
изилдөөлөрдөн
айрым ойлор
Адабиятчы З. Мамытбеков Сыдык Карачевдин биринчи ыры 1918-жылы татар
тилиндеги "Шуро" гезитинде жарык көргөнүн, адегенде жалаң татар жана казак
тилинде жазганын, 1919-жылы "Көмөк" газетасында "Сүйгөнүнө кошула албады",
"Үйлөнүүдөн качты", ал эми 20-жылдардын башында ар түрдүү темалардагы "Армандуу
эки жаш", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" деген
аңгемелери басылганын жазат.
Буга С. Жигитов кошула албай С. Карачев бардык алгачкы чыгармаларын дээрлик
татар тилинде жазган деген толук бойдон чындыкка дал келбегенин, 1919 - 1924жылдары Сыдык көркөм аңгемелерин баштан-аяк татарча, ал эми айрым макалаларын
жана ырларын кыргызча эле жазганын айтып келип, "Сыдыктын 1924-жылга чейинки
поэзиялык туундулары кандайдыр бир идеялык оош-кыйыштардан таза деп
болжолдоого негиз жоктугун, ошол кездеги өтө эле өгөйчүл, жаасы катуу
идеологиянын ашкан кыраакы, ашкере активдүү жоокери Аалы Токомбаев курулай
жокту бар кылып, жөнсүз, жүйөсүз эле С. Карачевдин чыгармаларын айыптабаганын,
Сыдыктын татарча жарыяланган бирин-экин ырларында жаңылыш идеялык
жаңырыктардын бар экенин" совет доорунда жазган эмгегинде белгилеп көрсөтөт.
Бирок С.Жигитов кийин бул сынын "жумшарткан".
С. Жигитов саналган ырлардын көпчүлүгүн мисалга тарта отуруп, Сыдыктын
поэзиясындагы жылт эткен жаңылык-табылгаларды, оош-кыйыштарды да таасын
көрсөтүптүр. Ырасында да бул ырлардын айрымдарында "...Сыдык башка акындар
жылаңач бойдон түз эле айтып таштаган идеяларды санжыргалап, өзгөчөлөп,
кайманалап, жаңыча троптук каражаттар, ритмикалык курулуштар, строфалык
уюшмалар аркылуу туюндурууга далбас кылган. ...Кыргыз ырын жаңыча ритмикалык
алкактарга салып, жаңыча уйкаштыруу ыктарын колдонуп, бир кыйла татаал формада
сүйлөтүүгө күч үрөгөнү таасын байкалат. ...Жыйынтыктап айтканда, Сыдык Карачев 20жылдары акын сыпатында да басма сөздө көрүнүп, улуттук жазма поэзиябыздын
түптөлүшүнө аздыр-көптүр кол кабыш кылган. Бирок бул жагынан анын ийгиликтери
анча бараандуу да, орошон да эмес" - дейт С.Жигитов.
4

5.

Чыгармачыл
ишмердиги
С.Карачев татар тилинде ырларды, аңгемелерди жазып,
1918-ж. «Шура» татар гезитинде Ленин жөнүндө
жарыялаган.
1919-жылдан «Көмөк», «Тилши», Жети-Суу ревкомунун
басма органдарында, Түркстан КП органдарында – «Ак жол»
гезитинде, «Чолпон», «Жас кайрат» журналдарында
чыгармалары үзгүлтүксүз жарыяланып, көптөгөн ырлары
«Эркин-Тоо» гезитинин беттеринде жарыяланып турган.
Ал кыргыз профессионалдык прозасына негиз салуучулардын
бири болуп эсептелет.
С.Карачевдин «Теңдик жолунда» аттуу китеби 1928-жылы
жарык көргөн.
С.Карачев А.С.Пушкиндин «Дубровский», «Станционный
смотритель» повесттерин, Н.А.Островскийдин «Как
закалялась сталь» романын, Р.Ролландын «Жан Кристоф»
романынан үзүндүнү, Л.Н.Толстойдун, А.П.Чеховдун
аңгемелерин, ошондой эле коомдук-саясий адабияттын
көптөгөн басылмаларын которгон.
5

6.

Кыргыз тилинде
•Теңдик жолунда: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1928. – 40 б.
•Эрксиз күндөрдө: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1928. – 104
б.
•Төр ага Зейнеп: 3 көшөгөлүү, 15 сүрөттүү пьеса. – Ф.:
Кыргызмамбас, 1929. – 34 б.
Чыгармачылыгы
С.Карачевдин жарык коргон
эмгектери
•Эрик таңында: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1929. – 34 б.
•Эрик таңында: Повесттер, ырлар, котормолор. – Ф.:
Кыргызстан, 1967. – 259 б.
Орус тилинде
•КАРАЧЕВ С. На заре свободы // Лит. Кыргызстан, 1989. №7. – С. 68-77.
6
English     Русский Rules