Similar presentations:
Алгоритмдер жана берилиштер структурасы. Жазуулар
1.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫТема: Жазуулар.
Жазуулар.
Жазуунун талаалары.
Негизги түшүнүктөр.
Жазууларды иштетүү.
Даярдаган: Айбек
2.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫЖазуулар
Жазуулар – бул түрлөрү ар кандай болгон жана саны
белгилүү болгон элементтерден түзүлгөн берилиштер
структурасы. Жазуудагы ар бир элементти талаа деп
аташат.
Массив, көптүк жана жазуулар аттуу структуралар
компьютердин ээсинде туруктуу көлөм ээлешет жана ошол
себептен аларды статикалык структуралар деп аташат.
Даярдаган: Айбек
3.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫЖазуулар
Жазуунун мисалы: кандайдыр бир студент жөнүндө маалыматтардын
көптүгү.
“Студент” аттуу объект төмөнкү касиеттерге ээ:
“студенттик номер” – бүтүн оң сан менен чагылдырылат,
“аты жөнү” – символдук жолчо менен чагылдырылат.
С++ тилинде мисал:
struct rec
{
short int num; // студенттик номер
char name[20]; // Аты-Жөнү
char fac[7], bolum[7]; // Факультет, Бөлүм
short int math,comp,lang; //мат., комп., тил саб-ры б-ча баалар
};
Даярдаган: Айбек
4.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫЖазуулар
Компьютердин эсинде аталган структура төмөнкүдөй
көрсөтүлүшү мүмкүн:
@rec
+0
+2
+22
+29
+36
+38
+40
120401028
Текебаев Ч.М.
Ziraat
Bitki
75
95
45
Жазуунун үстүндөгү амалдар.
<Жазууну тааныткан өзгөрүлмөнүн аты>.<талаанын
аты>
Демек, эгерде биз rec.math же rec.lang деп жазсак, анда
жазуунун math же lang аттуу талааларына кайрылган болуп
эсептейбиз. Тандалган талаанын үстүнөн түрүнө жараша
тиешелүү амалдарды жүргүзсөк болот.
Даярдаган: Айбек
5.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫФайлдар
Даярдаган: Айбек
6.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫФайлдарды иштетүү алгоритмдери: Биригүү
ирээттөөсү
“Биригүү” ирээттөөсүн 1945-ж. Жон фон Нейман
сунуштаган. Бул алгоритм туруктуу болуп эсептелинет,
себеби маанилери окшош болгон элементтерди
ордулары менен алмаштырбайт.
Бул ыкма “Бөл жана башкар” принципти
колдонот.
Тизме
узундугу
бирдей
же
жакындаштырылган түрдө экиге бөлүнөт жана ар бир
бөлүгү өзүнчө ирээттелет. Андан кийин ирээттелген
бөлүктөр кайра биригет.
Даярдаган: Айбек
7.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫФайлдарды иштетүү алгоритмдери: Биригүү
ирээттөөсү
Жалпысынан алгоритм төмөндөгүчө:
•Массив рекурсивдүү түрдө экиге бөлүнөт, ар бир бөлүгү узундугу 1-ге
барабар болгонго чейин бөлүнүп кете берет.
•Бул кадамда “биригүү” процесси жүрөт. Өлчөмдөрү 1-ге барабар
болгон эки массив мааниси кичинеден тартып (өсүү ирээту боюнча)
бир жыйынтыктоо массивине биригет. Андан кийин эки жыйынтыктоо
массивинен 3-чү сорттолгон массив алынат. Ошентип бардык
бөлүктөр бириккенге чейин улантылат. Эгерде кайсы бир массивде
элементтер түгөнүп калса, анда берки массивдин калган
элементтери чогултулуп аткан массивдин аягына кошулат.
•“Биригүү” амалы аяктаарда жыйынтыктоо массивдин элементтери
кайра баштапкы массивге жазылат.
Даярдаган: Айбек
8.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫФайлдарды иштетүү алгоритмдери: Биригүү
ирээттөөсү
“Биригүү” ирээттөөнүн кемчилиги болуп кошумча эсти
талап кылганы эсептелинет. Кайрылуусу удаалаш болгон файл
жана тизмелер менен иштеген учурда бул ыкма аябай ыңгайлуу
б.э.
Артыкчылыгы болуп туруктуулугу жана иштөө ылдамдыгы
O(n*logn) эсептелинет.
Даярдаган: Айбек
9.
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫСАБАГЫБЫЗ АЯКТАДЫ.
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗ ҮЧҮН ЧОҢ
РАХМАТ!
ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙМ!
Айбек
Аданбаев