Англис тили жана адабият болуму.
Деизм.
Бул термин 1564-ж. христианчылыктын үчилтиктүү кудай тууралуу негизги диний догмасын четке кагуу менен өздөрүн динчил катары
1624-ж. англиялык философ Э. Г. Чербери "Акыйкат тууралуу китеп" деп аталган эмгегинде "табигый диндин" төмөнкүдөй беш негизги
Маркстык адабиятта Деизм термини кудайга ишенген, бирок, дүйнөнү илимдин рационалдуу ыкмалары аркылуу түшүнүүгө умтулган
Материализм.
Материализмдин турлору:
Эвгемери́зм.
Скептицизм
Дуйного болгон коз караш.
Дүйнөгө болгон көз караш – адамдын чындыкка болгон теориялык жана тажрыйбалык мамилелерин бирдикте карап дүйнөнү тажрыйбалык
Дүйнөгө болгон көз караш коомдук жана жекече аң сезимдин өзөгү болуп эсептелет. Дүйнөгө болгон көз караштын негизги 3 тиби бар
2.90M
Category: philosophyphilosophy

Философиялык терминдер .Кыргыз тилинде

1. Англис тили жана адабият болуму.

Эл аралык Ала-Тоо Университети.
Англис тили жана адабият болуму.
Akylbek kyzy nargiza
Философиялык терминдер .Кыргыз тилинде.

2. Деизм.

Деизм (лат. deus – кудай) – удаалаш эмес
материализмдин өзгөчө формасы.
Деисттер кудай бар экенине,кудай
баарын жаратып жана ага закон
бергенине ишенет ,бирок андан кийин ал
законду четке чыгрып ал законго баш
ийууго каршы чыгат.

3. Бул термин 1564-ж. христианчылыктын үчилтиктүү кудай тууралуу негизги диний догмасын четке кагуу менен өздөрүн динчил катары

көрсөтүүгө далалаттанган
антитринитарийлик социниандарды мүнөздөө
үчүн алгачкы жолу колдонулган. Кийинчерээк
деисттер өздөрүн "табигый диндин"
жактоочуларыбыз деп атай баштаган.
Мындай диндин негиздөөчүсү болуп 16кылымдагы француз философу Ж. Боден
эсептелет.

4. 1624-ж. англиялык философ Э. Г. Чербери "Акыйкат тууралуу китеп" деп аталган эмгегинде "табигый диндин" төмөнкүдөй беш негизги

1624-ж. англиялык философ Э. Г. Чербери "Акыйкат тууралуу китеп"
деп аталган эмгегинде "табигый диндин" төмөнкүдөй беш негизги
жобосун белгилеген:
Керемет Куч жашайт
Ага сыйынуу керек
Ага сыйынуунун негизги
каражаттары болуп
даанышмандык жана адеп –
ахлак саналат.
Кылмыштар менен
ыймансыздык окунууну талап
кылат.
Оомалуу-токмолуу жалган
дуйнодогу оксуктор тигил
дуйнодо толукталат.
Бул жоболорго таянуу менен, 17–18-кылымдарда Франция, Англия ж. б. европалык өлкөлөрдө
көп сандаган деисттер пайда болгон. Аталган жоболорго ылайык, алар ыймандуу
христиандардын мүнөзүн күтүүгө тийиш болушкан. Бирок, алардын арасында чиркөөгө, ырасмий
дин окууларына кескин жана ачык мүнөздө чыккан күрөшчүл инсандар арбын эле. Алардын эң
көрүнүктүүсү болуп Вольтер саналат.

5. Маркстык адабиятта Деизм термини кудайга ишенген, бирок, дүйнөнү илимдин рационалдуу ыкмалары аркылуу түшүнүүгө умтулган

философторду белгилөө үчүн
колдонулган. Анын өкүлдөрү кудайды
тааныганы менен анын функцияларын
кескин төмөндөтүшүп, ал
функцияларды материяны жаратууга
жана материяга кыймылдын алгачкы
импульсун берүүгө гана алып барып
такашкан.

6. Материализм.

Материализм (лат. materialis – заттык, заты)
– материянын обьективдүүлүгүн,
алгачкылыгын, түгөнгүстүгүн жана жок
болбостугун таануучу негизги
философиялык багыттардын бири, ал аңсезимден сырткары жана көз карандысыз
болот жана чындыктын алгачкы негизи
катары чыгат. Материализм идеализмге
карама-каршы. Мазмундуу
конфронтация, алардын ортосундагы
күрөш тарыхый-философиялык
процесстин өзөгүн түзөт. Идеялык агым
катары атериализм көп кырдуу

7.

Материализм термини Готфрид
Лейбниц тарабынан ачылган.
«Материалистер»- деген созду
Эпикурду ачыктаган
(салыштырган)

8. Материализмдин турлору:

Стихиялык
Материализм
Метофизикалык
Материализм
Вульгардык
Материализм
маңыроо (стихиялык)
Материализм (Лаоцзы, Ян Чжу,
Ван Чун, Лопаята мектеби,
Гераклит, Анаксагор, Эмпедокл,
Демокрит, Эпикур ж. б.).
Материализмдин архаикалык
формасы негизги өбөлгөлөрүн,
принциптерин рефелкстөөнүн
жоктугу менен мүнөздөлөт.
Метофизикалык Материализм
(Ф. Бэкон, Гоббс, Гассенди,
Спиноза, Локк) болмуштун же
ойломдун кандай өзгөчөлүктөрү
абсолютташтырылганына
жараша көптөгөн
модификацияларга ээ болот.
Вульгардык Материализм (Фогт,
Бюхнер, Молешотт) аң-сезимдин
социалдык-тарыхый табиятын
билмексенге салышат, аңсезимди мээнин түздөн түз
акыркы касиети катары
талкуулашат.

9.

Антропологиялык
материализм.
Антропологиялык Материализм
(Фейербах, Чернышевский) –
«үстү жактан» толук курулбай
калган деп түшүндүрүшөт.
Коомдук реалийлерди
чечмелөөдө жаратылыш
кубулуштарын түшүнүүгө алып
келүү Материализм менен
айкалышпайт.
Диалектикалык
материализм.
Диалектикалык Материализм
материализм принциптерин
диалектикага, анын ичинде
коомдук мамилелерди ырааттуу
түшүнүүгө алып келүүнү
билдирет.
Тарыхый
Материализм.
Тарыхый материализм – марксизмдин
социалдык-философиялык теориясы.
20-кылымдын ортосунан тартып К.
Маркс, Ф. Энгельс, К. Каутский, Г. В.
Плеханов, В. И. Ленин, А. Лабриола,
А. Грамши жана башка тарабынан
иштелип чыккан. Тарыхый
материализм коом жана анын тарыхы
тууралуу бүтүндөй бир окуунун
синоними болуп саналат: анткени
анда коом тууралуу философиялык
билимдердин дээрлик бардык
компоненттери камтылган.
Тарыхый материализмдин негизги
идеясы материалдык өндүрүштүн
коомдун өнүүгү өзүшүндө аныктоочу
ролу тууралуу мыйзамында
чагылдырылган. Анын негизги
мазмунун адамзат тарыхын жалпы
жана маңыздуу чагылдырган коомдукэкономикалык формациялардын
концепциясы түзөт. Тарыхый
материализмдин теориясында
төмөнкүдөй үч өңүттү айырмалоого
болот:

10. Эвгемери́зм.

Евгемеризм – «Ыйык жазуу»
деген китептин автору,
Мессеналык Евгемердин (б. з. ч.
340–260-к. жакын) атынан алган.

11.

Дин-эң байыркы падышаларды
урматтоодон жана аларга
сыйынуудан келип чыккан окуу.
Евгемеризм ошондой эле мифтер
менен ишенимдерди
кудайлардын жана реалдуу
тарыхый окуялардын
чагылдырылышы деп түшүндүрөт.
Ушул мааниде алып караганда
Евгемеризм Грецияда б. з. ч. 5кылымда эле мифтерди
рационалдык сынга алуунун бир
варианты катары пайда болгон;
маселен гераклеялык Геродор
Геракл жана аргонавттардын
жүрүшү жөнүндөгү мифтерди
эзелки мезгилдеги чыныгы
жеңиштердин фантазия аркылуу
сүрөттөлүшү деп түшүндүрүүгө
аракеттенген.

12.

Евгемер алыстагы деңиздер
боюнча саякаттар, бейиштин
төрүндөй Панхея аралы, Панхеянын
байыркы падышасы Зевстин
жазгандары жөнүндө аңгеме
жанрында баяндаган. Зевстин ал
жазгандарында Панхеянын
жасаган жакшылыктары үчүн
урмат-сыйга бөлөнүп калышкан
кубаттуу жана акылман
падышалары Урандын, Крокос
менен Зевс тууралуу баяндалган.
Евгемер ошол падышалар
адамдарды цивилизациянын
жетишкендиктери менен кантип
тааныштырганын жазып, Зевс
ошол максатта жер жүзүн кантип
кыдырып чыкканын сүрөттөп
калтырган. Евгемер кудайлар
менен баатырларга сыйынуу
кандайча жаралгандыгын да
ушундай эле жол менен
түшүндүргөн. Евгемердин
чыгармалары римдик акын Энний
тарабынан латын тилине
которулган.

13. Скептицизм

Скептицизм (гр. skeptikos – кароочу,
иликтөөчү) – объективдүү дүйнөнү таанып
билүү мүмкүнчүлүгүнө шек саноо менен
караган философиялык багыт. Бир нерсени
ишке ашыруу, мүмкүнчүлүгүнө ишенбей, сын
көз менен кароо.
Скептимизмдин башкы концепциялары пикир
айтканда ой жүгүртпөөнү жана жашоотурмушта камырабастыкты талап кылат.
Скептицизм мурдагы философтордун
нерселердин, көрүнүштөрдүн агылып-өтүп
турушу жөнүндө, бири-бирине карама-каршы
келген жоболордун бирин тандап алууга
негиздин жетишпегендиги жөнүндө айткан
идеялардын негизинде келип пайда болгон.
Ушул жана ушуга окшогон идеялар
элейликтердин, софисттердин жана
башкалардын окууларында өнүктүрүлгөн.
Бирок скептицизмдин түздөн түз булагы
софистика болгон деп эсептелинет.

14.

Элиден чыккан Пиррон (Х.Т.ч. 360—270-ж.ченде) — байыркы грек философу,
скептицизмдин негиз салуучусу.
Скептицизм Грецияда б. з. ч. 4-к.
пайда болгон. (Пиррон,
Энесидем, Секст-Эмпирик,
Аркессилай, Карнеад). Сиздин
ашынган түрү – агностицизм. Анын
өкүлдөрүнө И. Кант, О. Юм ошол
эле азыркы учурдагы айрым
буржуазиялык философтор кирет.
Коомдук турмуштун тажрыйбасы
объективдүү чындыкка жетүүгө
мүмкүн экендигин далилдейт. Орто
кылымдык идеология жана чиркөө
менен буржуазиялык
философиянын күрөшүндө (М.
Монтень, П. Шаррон, П. Бейль)
прогрессчил роль ойногон.
Скептиктер акыл-эс, билимдин
күчүн, ар-кандай жараткандыкты,
кыймылды танышкан.

15.

Пиррондун пикири боюнча, философ — бакытка
умтулган адам, ал эми бакыт дегенибиз камырабай
жана азап тартып, кыйналбай тынч жашоо болуп
саналат. Мындай абалга жетишүү үчүн бир катар
суроолорго жооп берүү керек, алар: нерселер деген
эмне, биз аларга кандай мамиле жасайбыз, биздин
ошол нерселерге жасаган мамилебизден кандай
пайда келип чыгат деген суроолор. Пиррондун пикири
боюнча, нерселер жөнүндө алар жакшы деп да, жаман
деп да, тиги деп да, бу деп да эч кандай белгилүү бир
пикир айтууга болбойт. Ар бир нерсе жөнүндө ар
кандай пикир айтууга, а түгүл карама-каршы пикир да
айтууга болот. Ошондуктан, нерселерге бир гана
мамиле болууга тийиш: нерселер жөнүндө кандайдыр
бир кесе айтып, ой жүгүртүүдөн кармануу керек.
Бирок, бул, Пиррон үчүн эч кандай анык нерселер
болбойт дегендикке жатпайт. Конкреттүү бир адамдын
сезимдик таасири скептицизмди пайда кыла албайт
деп ойлойт. Эгерде адам кандайдыр бир нерсе ага
ачуу же таттуу сыяктанып көрүнсө, ал дал ошондой
болушу мүмкүн, бирок мындан бул чындыгында да анык
нерсе деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Дал ушул
адамдын камырабастыгы келип чыгат, бул болсо эң
жогорку бакыт болуп саналат.
Бирок ой жүгүртүүнүн жана турмушка карата
мамиленин жогоруда баяндалган ыгы — философ
иштиксиз болууга тийиш дегендикке жатпайт, жок, ал
дал ушул өлкөдө башка адамдар кандай жашаса дал
ошондой эле жашоого тийиш. Бирок ушул өлкөнүн
жашоо-турмуш үлгүсүн ал акыйкат үлгүсү деп эсептөөгө
тийиш эмес.
Пиррон

16.

Скептицизм философиялык багыт
катарында философиялык ойдун
өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Бул
мааниде алганда антик
скептицизми кийинки
скептицизмге салыштырганда
тереңирээк мүнөздө болгондуктан
чоң артыкчылыкка ээ болгон.
Гегелдин айтканы боюнча, антик
скептиктери акыйкатты издешкен
жана алардын философиясы
сезимге эмес, жалаң акылга
салып ой жүгүрткөн ойломго
каршы багытталган. Гегель,
ошондой эле, скептицизмдин
бардык нерселердин нерселер
сыяктуу болуп көрүнүшү
субьективдүү идеализм болуп
саналбайт, анткени ал бир эле
предметте карама-каршылыктын
бар экенин көрсөтүү менен анын
обьективдүүлүгүн баса белгилейт, а
бул болсо философиянын өзүнүн
мүнөздүү белгиси деп баса айткан.

17. Дуйного болгон коз караш.

Дүйнөгө болгон көз караш – дүйнө
жөнүндө жана андагы
адамдардын орду жөнүндө,
адамдын аны курчап турган
чындыкка жана өзүнө болгон
мамилеси жөнүндө көз
караштардын системасы,
ошондой эле ушул көз караштар
менен шартталган адамдардын
негизги турмуштук ээлеген орду
жана көрсөтмөлөрү, алардын
ишенимдери, идеалдары,
таанып билүү жана иш-аракет
принциптери, дүйнөлүк
багыттары.

18. Дүйнөгө болгон көз караш – адамдын чындыкка болгон теориялык жана тажрыйбалык мамилелерин бирдикте карап дүйнөнү тажрыйбалык

Философия – Дүйнөгө болгон көз
карашты теориялык өнүктүрүүнүн
формасы. Дүйнөгө болгон көз
караштын субъектиси катары
жалпысынан коомдо таптар,
социалдык топ жана жеке адам
реалдуу чыгат.
Дүйнөгө болгон көз караш –
адамдын чындыкка болгон
теориялык жана
тажрыйбалык мамилелерин
бирдикте карап дүйнөнү
тажрыйбалык өздөштүрүү
ыкмасы. Дүйнөгө болгон көз
карашта маданият
категорияларынын
системасы – адамзат
дүйнөсүнүн жалпыланган
модели туюнтулат.

19. Дүйнөгө болгон көз караш коомдук жана жекече аң сезимдин өзөгү болуп эсептелет. Дүйнөгө болгон көз караштын негизги 3 тиби бар

– турмуштук (тиричиликтик), диний жана философиялык.
Турмуштук:
Диний:
Философиялык:
Турмуштук Дүйнөгө болгон көз
караш жашоо-турмуштун
шарттарынан жана муундан
муунга өтүп келе жаткан
адамдардын тажрыйбасынан
түздөн түз келип чыгат. Ушул
типтин категориалык
түзүлүшүндө Дүйнөгө болгон
көз караш дүйнө жана адам
жөнүндө сергек ой
жүгүртүүнүн, салттуу көз
караштардын көрүнүштөрү
чагылдырылат.
Диний Дүйнөгө болгон көз
караш дүйнөнүн адекваттуу
эмес картинасын берет,
табияттан тышкаркы дүйнөлүк
башталышты таануу менен
байланышкан жана көбүнчө
эмоциялык-образдуу
формада туюнтулат.
Философиялык Дүйнөгө
болгон көз карашта дүйнөнү
рухий жана тажрыйбалык
өздөштүрүүнүн көнүгүүлөрү
теориялык жактан
жалпыланат. Жаратылыш
жана коом жөнүндө
илимдердин
жетишкендиктерине таянуу
менен философия дүйнөнүн
жаңы категориялык моделин
түзөт.
English     Русский Rules