3.71M
Category: life safetylife safety

Сергек муноздо жашоо

1.

2.

Сергек муноздо жашоо – ден- соолукту
сактоо жана чындоону камсыздоочу
адамдын жашоо мунозу, анын журум-туруму
жана ой жугуртуусу. Бугунку кундогу
изилдоолор корсоткондой адамдын жеке
ден- соолугунун абалы 49-53% анын жашоо
мунозунон коз каранды болот.

3.

Жашоо мунозу - бул адамдын оз-ара жана сырткы
чойронун факторлору менен болгон карымкатнашы. Сырткы чойро факторлоруна томонкулор
кирет:
- физикалык (температура, нурлар, атмосфера
басымы);
- химиялык (тамак-аш, суу, уулуу заттар);
- биологиялык (жаныбарлар, микробдор);
- психикалык (коруу, угуу, сезуу органдары аркылуу
эмоцияга таасир этуу) ж.б.

4.

Сергек муноздо жашоо - бул ден -соолукту сактоо,
чындоо жана калыптандыруу учун жасалган ишчаралардын жыйындысы болуп, анын негизги болугун
тузуучулор деп томонкулорду атоого болот:
- Рационалдуу туура тамактануу;
- жеке биологиялык ритмди эске алуу менен кун
тартибин
(иштоо жана эс алуу) тузуу жана аны
сактоо;
- оздук гигиена эрежелерин сактоо;
- кыймыл – аракеттин оптималдуу олчомдо болуусу;
- ден соолукту чындоо (физкультура, спорт менен
машыгуу); - экологиялык сабаттуу журум-турум;
- психогигиена жана оз эмоциясын башкара билуу
(стресстен алыс болуу);
- дары – дармектерди колдонуу маданиятын билуу;
- жат корунуштордон (тамеки, ичимдик, бангилик ж.б.
колдонуудан) баш тартуу;
- тиричиликте, кочодо, окуу жайларда жаракат алуу
жана уулануунун алдын алууну камсыздоочу коопсуз
журум-турум эрежелерин сактоо ж.б. саналат.

5.

Рационалдуу туура тамактануу - бул адамдын жаш курагы,
жынысы жана аткарган жумушуна жараша, тамак-аштын
курамы, калориясы жана энергиялык катышынын шайкештиги.

6.

Иштоо жана эс алуу тартиби сергек муноздо жашоонун
негизги факторлорунун бири болуп саналат. Жумуштун
(окуунун) жыйынтыктуулугу кун тартибин сактоо, бир
ончой кыймылсыз абалды кыймылдуу тыныгуулар менен
кезектештируу, нравалыкпсихологиялык жагдайдан,
таасир калтыруунун алмашуусунан ж.б. коз каранды
болот.
Жемиштуу иштоо учун толук кандуу эс
алуу абзел. Эс алуунун негизги турунун
бири – уйку болуп эсептелет.

7.

Уйку кишинин омурунун дээрлик 1/3 болугун тузот, бирок
ар бир курактын жекече нормасы бар: мисалы,
бобоктор 11-23 саат, 2 жаштагы балдар 12-13 саат, 5
жаш куракта – 11сааттай, 11-12 жашта -9 саат укташат.
Копчулук адамдар уйкусун качыруу учун кофе,
коюу демделген чай колдоно баштайт, бирок
аны менен алар уйкунун бузулуусун дагы
кучотуп, натыйжасында уйку дарыларын колдоно
башташат. Эн жонокойу томонкулорду жасоо
зарыл:
• иштоо, эс алуу жана кун тартибин дайыма
сактоо;
• уйкунун алдынан эмоционалдык чымырканууга
алып келуучу иштер менен машыккандан алыс
болуу;
• кечки тамакты уйкуга чейин 2-3 саат мурда
колдонуу;
• уйку алдынан уктоочу болмону желдетуу жана
сейилге чыгуу ж.б.

8.

Оздук гигиена – бул ден соолукту сактоо жана чындоо учун кунумдук
жасалган иш-чаралардын жыйындысы: дене жана ооздун тазалыгын
кароо, кийим, бут кийимдерди туура колдонуу, организмди чындоо
жана физикалык конугуулорду жасоо ж.б.
Денени кароо. Тиричиликте жана жумуш аткарууда дене
булганып, териде май, чан ж.б. ашыкча топтолуп
микроорганизмдердин кобойуусу учун жагымдуу шарт
жаралат. Талапка ылайык кунуно душ кабыл алып, жумасына 1
жолу денени ванна же мончодо самындап жууп туруу
сунушталат. Тери жана чачты кароо алардын турунун (кургак,
майлуу же норма) озгочолугуно жараша болот.

9.

Оптималдуу кыймыл-аракет – сергек муноздо жашоонун негизги фактору.
Кыймылдын чектелуу абалы гиподинамия деп аталса,
кинезофилия - адамга табияттан берилген суткасына
белгилуу бир сандагы кыймылды аткарууга болгон
муктаждык дегенди билдирет. Эгерде нормадагы бул
кыймыл-аракет аткарылбаса, анда организм олумго
дуушар болот.
Кыймылдын чектелуу абалы мээнин кан жана
кычкылтек менен камсыз болуусун начарлатат.
Кыймылдын коп мезгилге чектелуусу омуртка
тутумунун кыйшайуу абалына дуушар кылып, кан
айланууну бузат. Копко созулган чыналуу абалы
ишке жондомдуулукту томондотот.

10.

Физикалык конугуу - ишке жондомдуулукту жогорулатып,
бардык топтогу булчун, муун жана тарамыштарга он
таасирин тийгизип, алардын созулгуч касиетин, жыйрылуу
кучун жана ылдамдыгын кучотуп, булчундардын коломун
чонойтуп, алардын кучтуу болуусун камсыздайт. Физикалык
конугуу - эмоционалдык чыналууну таркатып, кан
айланууну жакшыртып, коптогон дарттардын жана
функционалдык бузулуулардын алдын алуудагы эн негизги
каражат болуп саналат.

11.

Организмди чындоо – жашоонун сергек мунозунун негизги факторлорунун
бири.
Организмди чындоочу каражаттар болуп аба, суу жана кун
саналып, аларды пайдалануунун негизги принциптерин ар
бир адамдын билуусу зарыл: акырындык, системалуулук,
чындоочу учурларды шайкештируу, ден-соолук абалын жана
жаш курагын эске алуу. Туура жургузулгон чындоодо:
• айлана-чойродогу шарттардын алмашуусуна организмдин
туруктуулугу кучойт;
• организмдин ооруларга каршылык корсотуу касиети
жогорулайт;
• жалпы физикалык жана психикалык осууго оболго тузулот;
• организмдин физикалык жана акыл жуктомдоруно
чыдамдуулугун кучотот;
• журок, опко кызматтарын жакшыртып, зат алмашуунун
ургаалын кучотот.

12.

Эн жумшак чындоочу ыкма болуп аба ваннасы саналат. Аба
менен чындоону бала торолгон биринчи кундон баштоого
болот. Бобокту ороп-чулгабастан женил кармоо, болмону
кунуно 4-5 жолу желдетип, таза аба киргизуу зарыл. Жай
мезгилинде терезени ачык кармоо ультра-когуш нурлардын
болмого кируусун камсыздап, жаш организмдин осуусу учун
ото манилуу.
Эмчектеги бала учун аба ваннасын откоруудо
болмонун же сырткы абанын
температурасы 22 0 С тан томон эмес,
чонураак курактагы балдар учун 16-18 0 С
болуусу зарыл. Аба ваннасын откоруу
убактысы 2-3 мунотту тузуп, акырындык менен
аны узартып 10-15 мунотко жеткирууго болот.
Ваннаны кунуно, тамактануудан 1 сааттан
кийин жургузуу талапка туура келет

13.

Душ – кучтуу муздатуучу таасир тийгизуучу куюнуунун туру. Душ
колдонууда суунун шорголок агымынын механикалык
дуулуктуруучу таасиринин негизинде, суртунуу жана куюнууга
салыштырмалуу организмде бир топ кучтуу жергиликтуу жана
жалпы реакцияны пайда кылат. Ошондуктан душ дени сак чон
адамдарга гана сунушталат.
Чындоонун баштапкы этабында суунун температурасы 30-32 0С
тузуп, процедуранын узактыгы 1 муноттон коп болбошу керек
жана ар бир 3-4 кундо суунун температурасын 1-2 0С томондотуп
14-15 0С жеткирууго болот. Бир топ денгээлдеги чын организмге
контрасттык чындоону колдонууга мумкун, башкача айткада
температураны озгортуу менен душ колдонуу: 2-3 жолу 35-40 0С
сууну 1520 0С температурадагы суу менен кезектештирип,
акырында муздак суу менен бутуруу, процедура – 3 мунотту тузот.

14.

Организмди кун нуру аркылуу чындоонун эрежелери.
Биринчи куну кун ваннасын - 5 мин, андан кийинки кундордо
кунуно 5 муноттон кобойтуп, максималдуу узактыгы бир кундо 2
саатты тузуусу керек. Ар 30 мунотто 10-15 мунотто тыныгуу
жасап, колоко жерде эс алуу жана 6 кундон кийин созсуз бир
кун тыныгуу жасоо зарыл. Кун ваннасын алууда бутту кунго
каратып, ал эми башты кол чатыр, шляпа же панамка менен, ал
эми козду - кундон коргоочу коз айнек менен коргоо керек.
Дененин абалын тез-тез алмаштырып, ашыкча тердоодон сактоо
зарыл, себеби суу болгон тери кун нуруна ото сезгич келет. Кун
ваннасын ачка абалда же тамактануудан кийин алууга болбойт.
Кунго куйууго эн ынгайлуу убакыт эрте мененки тамактан кийин
30-40 мунот откондо же тушку тамактанууга 1 саат калганда деп
саналат.

15.

Сергек муноздо жашоонун факторлорунун бири болуп экологиялык
сапаттуу журум-турум саналат.
Экологиялык сапаттуу журум-турум тушунугу томонку иш-чараларды
камтыйт:
- дем алыш кундору же эргуу учурунда шаардан сыртка чыгып эс алуу; автоунаалардын кыймылы аз жолдордо, эс алуучу парк, аллеяларда кун
сайын жоо журуу;
- рационалдуу тамактануу, ичууго тазаланган сууну пайдалануу;
- генетикалык озгортууго учуратылган азык заттарын тамактанууда
колдонуудан баш тартуу ж.б.
- курамында нерв системасы жана тамак синируу органдарынын
оорусун пайда кылуучу заттарды камтыган тамак-азыктарынан баш
тартуу (мисалы лимонад суусундугунун курамында аспартам
кошулмасы бар);

16.

Сергек муноздо жашоонун ажыралгыс болугу болуп психогигиена
саналат: негизги кооптуу фактор деп эсептелген стресстин алдын
алуу же стресске жол койбоо. «Психогигиена» созу психикалык сак
саламаттыкты сактоо дегенди тушундурот.
Психика жана эмоция оз ара байланыштуу, ошондой эле
бири-биринен коз каранды. Эмоция (каар, коркуу, кайгыруу,
суйунуу) – бул адамдын психикалык кызматынын
чагылдыруучусу. Терс эмоция адамды физикалык жудотуп,
олуттуу эмоциалдык чыналууну же стрессти тузот.

17.

Стресс - бул организмдин кучтуу дуулуктургучко ото
чыналуу же стресс гормону-адреналинди болуп чыгаруу
менен жооп кайтаруусу. Ар бир психикалык жана физикалык
позитивдик жана негативдик факторлор мээнин башкаруу
тузулушуно таасирин тийгизип, бойрок устундогу бездин
кызматын активдештирип, адреналин гормонунун болунуп
чыгуусун кучотот. Адреналиндин коп олчомдо канга тушуусу
адам эркине баш ийбеген:
• журоктун кагуусу жана дем алуунун тездоосу;
• артериялык кан басымдын жогорулоосу;
• кандагы кант жана холестерин олчомунун которулуусу;
• булчундардын чыналуусу ж.б. белгилердин тездик менен
пайда болуусун шарттайт жана организмди чымыркануу
абалына дуушар кылат.

18.

Бугунку илимде психиканын бузулууларын эки турго
болушот:
1. Невротикалык (невротикалык реакция жана невроз)
2. Психикалык абалдар (психоз – психикалык аракеттин
терен бузулуусу).
Невроз-бул жогорку нерв системасынын конфликт,
психикалык кыжаалаттануу ж.б. натыйжасында
функционалдык бузулуусу. Анын негизги себептери: катуу
кайгыруу, турмуштун ийгиликсиздиги, эмгек тартибинин
жоктугу, ашыкча чарчоо, жугуштуу оорулардан кийин нерв
системасынын кызматынын алсызданышы ж.б.

19.

Стресстен арылтуучу иш-чаралар:
• ургаалдуу физикалык жумуш менен машыгуу (чуркоо,
волейбол, баскетбол ойноо, велосипед тебуу, бакта иштоо
ж.б.);
• кунумдук конумуш жашоону озгортуп эс алууга же
туристтик журууго чыгуу, достор менен жолугушуу, музей же
театрга баруу ж.б.;
• жагымдуу музыка угуу, душ же ванна кабыл алуу;
• толук кандуу уйку стресстен арылтуучу эн жакшы дарынын
бири;
• стресске каршы эн кучтуу таасир тийгизуучу - бул жаш
балдардын кылык-жоругу деп саналат;
• чымырканууну озуно топтобостон чыгаруу зарыл, бул учун
ыйлоо, кулуу да жакшы ыкмалар деп эсептелет ж.б.

20.

Организмдин физиологиялык корсоткучтору жана аларды аныктоо.
Ден соолуктун денгээлин баалоонун коптогон критерийлери бар жана
алар ар турдуу корсоткучтор аркылуу аныкталат.
Дене табы (температурасы) - дени сак адамдарда туруктуу денгээлде
болот. Анын туруктуулугун борбордук (гипоталамус) жана четки (тери, кан
тамырлар) тузулуштор жана аларды байланыштыруучу рефлекс
жолдорун камтыган температураны жонго салып туруучу татаал
функционалдык система камсыздайт. Айлана-чойронун температурасы
жогорулаганда кан тамырлар кенейип жылуулукту откоруу жогорулайт,
дененин жылуулукту чыгаруусу жана тердоо организмди ысып кетуудон
коргойт. Айлана-чойродогу температура томондогон учурда кан
тамырлар тарып дененин жылуулукту чыгаруусу томондойт. Адамдын
дене табы нормада 36,4-36,7 0С термелет, суткалык термелуу
мумкунчулугу 0,1-0,6 0С тузот. Ооз кондойу, туз ичеги жана кынада
температура колтукка салыштырмалуу 0,40С жогору болот. Ымыркай
балдардын чурайында температура 37,20С чейин жетет.

21.

Термометрия – дене табын медициналык сымап, электрондук
термометрлери менен олчоо. Сымап термометринде анын
болуктору (шкала) 0,1 болунуп, 34– 42 0Ска чейинки диапазонду
корсотуп турса, электрондук термометрлер жогорку тактыкта жуз
жана андан жогорку температураларды олчоого мумкунчулук берет.
Дене температурасын колтуктан, туз ичегиден, кынадан, (жаш
балдарда чурайдан) олчоого болот. олчоонун алдынан колтукту кургак
аарчып, термометрди колтукка 7-10 мунот аралыгында бекем кысып
кармап турат.
Эреже боюнча температура эрте танда жана
кечинде 2 жолу олчонот. Медициналык термометр
атайын дезинфекциялоочу суюктук бар стаканда
сакталат.

22.

Тамырдын кагуусу (пульс). Журоктун сол карынчасы
жыйрылган мезгилде кан куч менен тамырларга
туртулот. Бул учурда пайда болгон термелуу толкунунун
артерия кан тамырларынын керегелери аркылуу
таркалуусу пульс же тамырдын кагышы деп аталат.
Тамырдын кагышын чыкый, моюн, билек, сан ж.б
артериялардан аныктоого болот.

23.

Тамырдын кагуусу куракка жараша ар турдуу болот:
бобоктордо мунотуно 120-140 жолу, бир жашта – 100-130, 5-6
жаш курактагы балдарда – 80-110, чон кишилерде - 60-80 жолу
кагат.
Пульстун тездеши, чон кишилерде минутасына 80 жолудан коп
болсо тахикардия деп аталып физикалык жана эмоционалдык
чыналууларда, айлана-чойронун температурасынын
жогорулашында, журок – кан тамыр оорууларында ж.б.
учурларда кездешет.
Тамырдын жай кагуу минутасына 60 жолудан томон болсо –
брадикардия деп аталат. Пульс бир калыпта, ыргактуу кагат,
aнын бузулуусу аритмия деп аталып, коптогон журок
ооруларына муноздуу.

24.

Артериялык кан басым А/Б– кан тамыр керегелеринин
кандын агымына болгон басымы. Артериялык кан басым
систоликалык же жогорку (журок жыйрылган кездеги) жана
диастоликалык же томонку (журок бошондогон кездеги)
болуп эки колом менен аныкталат. Артериялык кан
басымдын жогорку же максималдуу (систоликалык) колому бул журок жыйрылганда кандын журоктон кан айлануунун чон
тегерегине тушкон учурдагы тамырдын керегилерине болгон
басымы. Ал нормада 110-130 мм. сымап мамыча болот.
Кандын томонку, минималдуу (диастоликалык) корсоткучу
кандын журок клапаны жабылган учурдагы басымы, нормада
60-85 мм. смп.мам. барабар.

25.

Пульстук кан басым - бул систоликалык кан басым менен
диастоликалык кан басымдын айырмасы, нормада 40-50
мм.смп.мам. тузот. Оптималдуу артериялык кан басым деп,
тынч абалда систоликалык басым 120 мм.смп.мам. ашпай
жана диастоликалык басым 80 мм.смп.мам. болгонун
айтабыз. Бирок артериялык кан басым 140/90 мм.смп.мам.
чейин да нормалдуу делинет. Артериялык кан басым куракка
жараша озгорулуп, картайган куракта нормадан бир аз
жогорулоосу байкалат.
Артериялык кан басымдын
жогорулашы гипертония, ал
эми томондошун гипотония деп
аталат.

26.

Дем алуу организм менен айлана-чойро ортосунда
отуучу татаал физиологиялык процесс. Дем алуу
кыймылынын нормасы ымыркайларда бир минутада – 3040 жолу, бир жаш куракта – 35-40 жолу, 5-6 жашта – 22-24
жолу, чон адамдарда - 16-20 жолу, ал эми спорт менен
машыккан адамдардын дем алуу кыймылы азыраак
болот. Дем алуу кыймылына кокурок клеткасы жана ичтин
чел кабыгынын (диафрагма) катышуусуна жараша
кокурок турундо дем алуу (кобунчо аялдарда), ич
(брюшной) турундо дем алуу (эркектерде) жана аралаш
дем алуу деп болунот. Оорулуунун жалпы абалына
муноздомо беруудо дем алууну аныктоонун мааниси
чон. Андыктан дем алуунун мунозун, тездигин жана
ыргагын туура баалоону билуу зарыл.

27.

Дем алуунун тездиги тынч абалда аныкталат. Ал учун колду кокурок
клеткасына же ичке коюп 1 мунотто канча жолу дем алуу кыймылы
болгондугу саналат.
Демигуу (одышка) – дем алуу кыймылынын
тездоосу. Дем алуу органдарынын жана журок
ооруларынын белгиси катары кездешет.
Дем кыстыгуу (удушье) – дем алуунун бузулуусу,
бронх астмасы дартынын негизги белгиси.

28.

Опконун тиричилик колому (сыйымдуулугу) – бул абадан терен дем
алып, дем чыгарган учурдагы абанын эн чон коломун айтабыз. Бул
колом чон кишилерде 3500 см3 ка жакын болот. Тынч туруп дем
алганда чон кишинин опкосуно 500 см3 аба кирет. Ошончо эле
коломдогу аба тынч туруп дем чыгарганда дем алуу органдарынан
чыгарылат.
Опконун тиричилик колому спирометр
аспабынын жардамы менен аныкталат
English     Русский Rules